Сагынгандан-文本歌词

Сагынгандан-文本歌词

Гульнур Сатылганова
发行日期:

Жададым жалгыздыктан

Жарым түн бекем кыскан

Сен дагы чарчадыңбы

Жүрөккө толгон буктан

Күндөрду күттүң бекен

Сырдашып черден чыккан

Асманды карап чексиз

Агарып жылдыз учкан

Жолдорду баштап келчү

Жолугуу көздөн учкан

Бир гана жадабадым

Сагынычтан

Сагынычтан!

Бир гана cагынычтан

Чарчадым жаңылгандан

Күн санап зарылгандан

Өңүмдө жолукпастан

Түшүмдө жалынгандан

Көрүшпөй узак жылдар

Көңүлдө калган арман

Жададым көртирликти

Моюнга тагынгандан

Мандайда жазуу деген

Тагдырга багынгандан

Бир гана жадабадым

Сагынгандан

Сагынгандан!

Бир гана сагынгандан

Чарчадым басынгандан

Чачылдым асыл арман

Таппадым адашкандай

Тагдырда табылгамдан

Бук толуп бөксөртпөгөн

Бул жарык жашоо жалган

Кечиктим дей албастан

Кезикким келет абдан

Купуя күтүп сени

Кусалуу камынгандан

Бир гана чарчабадым

Сагынгандан

Сагынгандан!

Бир гана сагынгандан

Бир гана сагынгандан